01:56
USD 87.45
EUR 102.51
RUB 1.12

Бишкекте алты тилкелүү көпүрөнүн курулушу. Мэр сапаттын текшерип чыкты

Бишкекте Шабдан баатыр жана Сагымбай манасчы көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жаңы көпүрө куруу пландалууда. Курулуштун туурасы 28 метрди түзөт. Бул тууралуу бүгүн борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин көчмө жыйыны учурунда белгилүү болду.

Калаа башчысы шаарды кыдыруу учурунда бир катар негизги инфраструктуралык объектилердеги иштердин жүрүшү менен таанышты.

Курулуп жаткан көпүрө алты тилкелүү болот, бул аймактагы жол кыймылынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жакшыртат. Долбоордо таксилер үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар камтылган. Шаардын жетекчилери бул жол кыймылынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жакшыртат деп эсептешет.

Шаардык кызматтар курулуштун жүрүшүн жана жерде аткарылган иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантышат.

Эң көп окулган жаңылыктар