01:27
USD 87.45
EUR 102.40
RUB 1.12

Гүлжигит Алыкулов «Динамо-Минск» футбол клубунун оюнчусу болду

Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусь Республикасынын чемпионатынын жогорку лигасындагы «Динамо-Минск» футболдук клубу менен расмий келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн сезондо Гүлжигит «Торпедо» клубунун намысын коргоп, өзүнүн чеберчилигин жана мүнөзүн көрсөтө алган.

Кыргыз футбол биримдиги
Фото Кыргыз футбол биримдиги. Гүлжигит Алыкулов
5 жаштагы футболчу мурда «Дордой», «Алга», «Неман», «Кайрат» жана «Торпедо» клубдарында ойноп, улуттук курамада 47 оюн өткөрүп, 6 гол киргизген.

«Биз улуттук курамабыздын оюнчусу менен сыймыктанабыз жана жаңы клубунда чоң ийгиликтерди каалайбыз», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар