Бүгүн, 23-январга карата унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.
Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында кар жаап жатат, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.
Мекеме кышкы жол шарттарын эске алып, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.


