Бишкек шаарындагы Анар-Бак жаңы конушунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чечим кабыл алынган. Ушуга байланыштуу социалдык тармактарда кыш чилдеде, адамдар жашап жаткан үйлөр да бузулат экен деген нааразычылык билдирген видеолор жана маалыматтар тарап жатат.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун айтымында, бул маалыматтар президент Садыр Жапаровго жеткен. Президент бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыш мезгили бүткөнгө чейин адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады:
- Ичинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбайт.
- Мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок толук бүтө элек курулуштар, киши жашабаган, имараттар гана алынат жана тазаланат.
Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.


