Эртең, 24-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −10... −15, күндүз 0... −5;
Талас жергесинде түнкүсүн −13... −15, күндүз 0... −2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −11... −13, күндүз 0... −2;
Нарын аймагында түнкүсүн −24... −26, күндүз −15... −17;
Бишкек шаарында түнкүсүн −11... −13, күндүз 0... −2.


