11:12
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Мектеп окуучуларынын республикалык Олимпиадасынын ырааттамасы жарыяланды

Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылында окуучулардын республикалык Олимпиадасынын өткөрүү графиктерин жарыялады.

Олимпиада 4 этапта өткөрүлөт:

  • I этап — мектептик (январь);
  • II этап — райондук (февраль), аталган этап облустардын райондорунун, Бишкек шаарынын райондорунун жана райондук маанидеги шаарлардын деңгээлинде өткөрүлөт;
  • III этап — облустук (февраль), бул этап облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын деңгээлинде өткөрүлөт;
  • IV этап — республикалык (март).

Олимпиаданын III жана IV этаптары Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөттө республика боюнча бир учурда өткөрүлөт.

Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:
  • Англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
  • Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
  • Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

Олимпиадага катышуу үчүн акы алууга жол берилбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар