Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат менен бошотулду. Бул маалыматты анын туугандары тастыкташты.
Атазов жана бир катар саясатчы 2025-жылдын ноябрь айында массалык башаламандык даярдоого шектелип кармалган.
Мурда парламенттин дагы бир мурдагы мүчөсү Кубанычбек Кадыров камактан бошотулганы кабарланган.


