12:33
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Түндө Кыргызстандын түштүк тарабында жер титирөө катталды

Кыргызстандын Улуттук Илимдер Академиясынын Сейсмология институту өлкөнүн түштүк тарабында болжол менен 4,0 баллга жеткен жер титирөө катталды деп билдирди.

Институттун маалыматы боюнча, жер титирөө 26-январда саат 3:54тө болгон.

Жер титирөөнүн очогу Каблан-Кел айылынан түштүк-батышка 3 чакырым, Алга-Бас айылынан түндүк-чыгышка 5 чакырым, Чайчы айылынан түштүккө 10 чакырым жана Оштон түштүк-чыгышка 45 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Алга-Бас жана Каблан-Кел айылдарында 3,5 балл, ал эми Чайчы, Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке жана Алга айылдарында 3,0 балл болгон.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар