17:40
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Арбагы тынч жатсын! Роза Айтматова элге кайрылды

Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Роза Айтматова акыркы күндөрү интернет мейкиндигинде жана коомчулук арасында айтылып жаткан ушак-айыңдарга тынчсыздануусун билдирди. Бул кайрылуу «Кабар» маалымат агенттигине жарыяланды, толугу менен сунуштайбыз:

Ардактуу, улуу урматтуу кыргыз элим!

Бүгүн биринчи жолу улуу кыргыз элиме түз кайрылууну туура көрдүм. Буга өзгөчө себеп болуп турат.

Жакында катуу ооруп, ооруканага жатып чыктым. Азыр, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Жараткан мага канча өмүр берсе, ошончо көрөрбүз.

Акыркы күндөрү жүрөгүмдү өйүгөн нерсе — бул айрым адамдардын Чыңгыз агамды абдан ушактап, талкууга салганы болду.

Аркасынан жаман сөздөрдү таратып жатышат.

Буга абдан кейидим, ыйладым. Агамдын көзү өткөнүнө 17 жыл болсо да, маркумдун жанын койбой, айрымдары аны сөз кылып, табакташ же дос болгонсуп сүйлөп, аны сынга алышыптыр.

«Көзү өтүп кеткен адам жөнүндө жаман сөз айтууга болбойт», — дешет элде, бирок болор иш болду. Агамды тынч жаткан жеринен бир козгоптурсуңар...

Кээде «кыргыздардын душмандары атайын жасап жатабы, элди бөлүп-жарып, ортого от жаккысы келгениби?» — деп да ойлоп кетем.

Чыгарган ушак сөздөр да бири-бирине дал келбейт. Же Чыңгыз агама болушар киши жок деп ойлошобу?

Чындыкты эч ким айталбайт эми замандаштарынын көзү өтүп...

Чынымды айтайын, мен аларга деле таарынбайм. Алардын өз шору.

Агамдын колдоочулары Манас атабыздан ага өткөн. Муну улуу Саякбай Каралаев айткан. Мен Айтматовду каралагандарга жамандык каалабайм, бирок сак болгула...

Бир кезде, 1991-жылы Ата-Бейит ачылганда, атамды жазыксыз аткандарды да кечиргем. Бул адамдарды да кечирдим. Бирок ички туюмумда, булар кыргыз элине каршы иш жүргүзүп, элдин ортосуна чок салып жатышат. Балким, максаттары ошолбу, ким билет? Баарын Кудайга калтырдым...

Мен быйыл 89 жашка чыгам. Көп нерсени башымдан өткөрдүм: жакшысы да болду, жаманы да болду. Турмуштун өйдө-төмөнүн да көрдүм. Бирок бирөө да мени ушунчалык катуу кайгыга салган жок эле...

Атам камалып, атылып кеткенден кийин биздин үй-бүлө өтө оор шартта жашады. Ачарчылыкты да, жокчулукту да көрдүк. Абдан кыйналдык. «Эл душманынын балдары» деп совет өкмөтү бизди катуу кордоду. Бирок кыргыз элиме чоң рахмат! Атамдын туугандарына рахмат! Шекер элине, Талас элине миң мертебе ыраазымын! Алар болбосо, бар болот белек... бир гана Кудай билет. Элдин аркасы менен аман калдык.

Апама да өзгөчө рахмат. Эч нерсеге карабай, бизди бутка тургузду. Тилекке каршы, ага да асылгандар болду, азыр да бар...

Апам — баатыр аял. Төрөкулдун балдарын Шекерге алып келип: «Силер кыргызсыңар, элиңер менен болгула!» — деп эл-журтка кошуп, элибиздин ичинде бизге тарбия берди.

«Чыңгыз, Илгиз балдарым, кыздарым, силер Төрөкулдун балдарысыңар. Силер кытай уруусунун урпактарысыңар. Башыңарды бийик көтөрүп жүргүлө. Кайда болсоңор да, атаңардын атын уят кылбагыла», — деп турар эле раматылык апакем.

Эки агам тең, эжем дагы өз өмүрлөрүн эл-жерибизге арнады. Алардан жаманчылык көргөн ким бар, айткылачы?

Чыңгыз агама иттин өлүгүн артып, бардыгына күнөөлүү кылып жатышканы мени кайгыртты.

Аттиң, ал азыр келип, «Андай болгон эмес, мындай болгон!» — десе гана тынчыр беле ушакчылар...

Чыңгыз агам кыргыз элин дүйнөгө таанытты. «Манас» эпосубузду дүйнөнүн ар бир булуң-бурчуна даңазалады. Эне тилим деп, кыргыз мектептерин Бишкекке ачкыла деп, канча кармашып жүрдү Совет өкмөтү менен, акыры эки мектеп ачтырды.

Эми болсо анын арбагын сындап, дүйнөгө уят болуп жатканыбызга ичим күйөт.

Мына кечээ эле казак элинин өкүлдөрү мага телефон чалып: «Эмне болуп кетти ушунчалык? Эмнеге Айтматовдун тегерегинде ушунча чатак чыгып жатат?» — деп сурашты.

Менин да намысым бар, агама ичим ачышканы менен, элимди да кыйып кете албайм. Эмне дейт элем аларга? Уялдым, намыстандым...

Айтарым, интернетте болуп жаткан ушак-айыңдардын бирөө да чындыкка жатпайт. Муну мен, керек болсо, далилдеп бере алам.

Анысы аз келгенсип, «Чыңгыз орусча жазган, кыргызча билген эмес, кыргызча жазган эмес», — деп ушак таратып чыгышты. Анын китептери 185 тилге которулганы менен иштери жок.

Билбесеңер, айтып коёюн: чыгарылган китептеринин саны боюнча ал Шекспир менен Толстойдон кийин үчүнчү орунда турат дүйнөдө.

Эмне үчүн ал кыргызча жазбай калганы тууралуу да айтайын.

1957-жылы агамды кыргыз эле айрым совет чиновниктери катуу куугунтукка алган.

«Бул Айтматов деген жаш бала совет идеологиясына каршы чыгып, совет адабиятына дүрбөлөң салып жатат, жоготкула аны!» — деп Москвадан кат келген дешет.

«Бөрк ал десе, баш алган» жергиликтүү чиновниктер ага асылып, ооруганга чейин жеткиришкен. Китептерин чыгарбай коюшкан, кемсинтишкен.

Атүгүл, апама: «Чыңгыз балаң күйөөң Төрөкулдун тагдырын кайталайт. Ошого жеткиребиз керек болсо. Токтотсун жазганды!», — деп кетишиптир. Ошол сөздү уккан апамдын абалын элестетип көрсөңөр эми?

Чыңгыз акем болсо төшөктөн тура албай, көпкө ооруп жүрдү. Ошол жылы атамды реабилитация кылышкандан кийин гана жакшы болуп кетти. Атабыздын арбагы колдоду окшойт. Ошондо агамды кордогон адамдардын атын айтпай эле коёюн. Аларды да кечирдим.

Агам куугунтукка алынып, кыргызча жазганга шарты ошол үчүн болбой калган.

Биз өзүбүз, кыргыздар, китеп жаздырбай, ага бут тосконбуз. Ал көпкө айласын таппай, эмне кыларын билбей жүрдү. Ошондо Александр Твардовский деген орустун улуу акыны кыргыз чиновниктери Чыңгызга жол бербей жатканын билип, аны колдоп чыккан: «Чыңгыз, сен орусча жаз. Мен сени «Новый мир» журналына чыгарып турам. Ошондо сенин байкелериң сага сөз тийгизе албайт», — деген. Мына ошондон кийин агам орусча жазып баштаган.

Менин билишимче анын чыгармалары Кыргызстанда 15 жылдай басылган эмес, жалаң Россиядан чыккан. Мен муну далилдеп бере алам. Болбосо, Чыңгыз агам Шекерде чоңоюп, элеттиктердин ичинде жүрүп, өз эне тилин суудай эле билчү. Алгачкы китептерин кыргызча жазган. Эне тили үчүн далай чабышкан, сыймыктанып, даңазалап турган.

Кыргыз эли Айтматовдун жакшылыгын көрбөсө, жамандыгын көргөн жок. Ар бириңерге жаны менен күйгөн адам болгон.

Кээ бир кишилер айтат, 1990-жылдары биз кыйналып жатканда ал Европада жыргап жүрдү деп. Алар билбейт окшойт чынында эле. Европада кыргыздын элчиси болуп иштеп, эң биринчи Батыш менен Кыргызстандын байланышын түзгөн адам менин агам болгон.

Францияга, Бельгияга, Англияга, Германияга «Орто Азияда менин элим бар. Биз, кыргыздар кичинекей эл болсок да, силер менен тең ата мамиле түзгөнгө кудуретибиз жетет», — деп жаңы телчигип келе жаткан республикабыздын эл аралык мамилелерди түзүүсүнө чоң өбөлгө түзгөн. Ал өзүнчө тарых, агамдын элчилиги.

Айтмакчы, кээ бирөөлөр: «1990-жылдагы Ош окуясында Чыңгыз Айтматов өзбек тарапта болгон», — деп да жазып жатышат.

Мен бул боюнча да айтайын, элим, силер калыс болгула. «Эмне үчүн бизге келбей, Ош коогалаңында биринчи Өзбекстанга учуп бардың?» — деп мен өзүнөн сурагам бул тууралуу.

Ал мага: «Убакыт чукул болуп калды. Ошол кезде мен Москвада болчумун. Эки элдин ортосунда куралдуу жаңжал чыгып кетпесин деген ой менен Ислам Каримов менен жолугайын деп жардамчысы менен байланышып сүйлөштүм.

— Макул, Ислам Абдуганиевич сизди кабыл алат — деди ал мага. Кечиккенге болбойт эле. Түз эле учуп барууга туура келди. Ошондуктан Кыргызстанга дароо келе албай калдым», — деген.

«Каримовго эмне дедиң анан?» — дедим, эсим чыгып.

«Ислам Абдуганиевич мени күтүп жатыптыр. Мен эки өзбек жазуучуну алып кошо кирдим. Биз көпкө сүйлөштүк. Сөздүн кыскасы, аягында Өзбекстандын президентине мындай дедим: «Ислам Абдуганиевич, биз тектеш элбиз. Кыргыз, өзбек, казак — түбүбүз бир. Эгер ортобузда чоң чатак чыкса Орто Азияны чоң ааламатка түртөбүз» — дегем.

Ошондо Каримов: «Чыңгыз Төрөкулович, мен сизди түшүндүм. Менин бир да аскерим кыргыздын чек арасынан өтпөйт», — деп убада берген. Айтканындай эле кылды.

Ошентип, агам Орто Азияны чоң согуштан сактап калган. Эки мамлекеттин ортосунда чоң чатак чыкса, бүгүнкү күнгө чейин анын азабын тартмакпыз. Ошондо Өзбекстан менен Кыргызстанды чоң согуштан аман сактап калып, агам чыккынчылык кылдыбы?

Аскар Акаевичтин президент болуп шайланышына да Чыңгыз агамды күнөөлөп, ушактарды тараткандар бар.

Чынын айтайын, Аскар Акаевичти Чыңгыз агам шайлаган жок. Аны биздин Жогорку Кеңеш добуш берип, өзү шайлаган. Ага чейинки үч талапкер өтпөй калганда агам: «Ушу жаш Акаевди бир карап көрбөйсүңөрбү, эгерде туура келсе», — деп депутаттарга айтканы чын. Агам өзү болсо Кыргызстанга келген эмес ошол шайлоо учурунда, чуркаган да эмес. Акаевди ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары жактырып, добуш берип, өзүлөрү шайлашкан.

Президенттерди да жамандаганды коюшубуз керек, элим. Жакшы иштеп жаткандарды да жамандап чыгышты кээ бир адамдар.

Президент да — биздин символ, желегибиздей, гербибиздей, Манасыбыздай. Символдорду тебелебеш керек. Болбосо биз кандай элбиз дүйнөлүк коомчулуктун астында?

Эми негизгисин айтайын. Айланайын кыргыз элим, кимдир бирөөлөр элди бөлүп-жарганга аракет кылып жаткандай. Ынтымагыбыз кетип калбасын. Бирөөлөргө жем болуп, кор болуп калбайлы?

Чыңгыз агамды мактабай деле койгула, жамандабай деле койгулачы, тынч жатсын.

Жамандагыңар келсе, мени жамандагыла. Анын кандайдыр бир күнөөсү болсо, мен мойнума алайын. Арбактарды козгобойлу!

Чыңгыз агамдын 100 жылдык мааракесин деле өткөрбөй эле коёлу деп өкмөттөн суранайын деп жатам. Анткени бул кетиште артынан дагы: «Айтматовдун 100 жылдык мааракесине бөлүнгөн каражаттарды башка жакка жумшаса болмок да», — деген сөздөр чыгарына көзүм жетип турат.

Ошондуктан алдын ала өкмөттөн суранам, Чыңгыздын 100 жылдыгына бөлө турган каражаттарыңарды жөнөкөй элдин абалын оңдоого жумшайлы. Мындай сооп иш Чыңгыз агама болгон чыныгы сый-урмат, чыныгы эстелик болот.

Сөзүмдүн аягында биздин мусулмандар жамаатына да кайрылайын деп турам.

Апам Нагима үч жыл бою кыздар медресесинде окуган. Араб арибин жатка билчү, Куранды китептен түз окучу. Бизге да үйрөтчү. Өзгөчө улуу баласына ибадатты катуу карматкан. Совет кезинде куранды үйдө кармаганга уруксат беришчү эмес, бирок апамдын сандыгында куран китеби болгону эсимде. Өзү оорулуу болсо да, орозо кармачу. Апам бизге Курандын көп түшүндүрмөлөрүн айтып кеткен.

Абдан кыйналып турганда: «Кудай мени сынап жатат, мен баарына чыдашым керек, балдарымды бутка тургузушум керек », - дечү. Азыр Курандын күчү менен ошол турмуштун азабына туруштук берди окшойт деп ойлоп калам. Балдарын да ушундай ибадатка үйрөткөн.

«Чыңгыздын китептери басмадан чыкканда өз бөлмөсүнө барып, Кудайга ыраазычылык билдирип, намаз окучу эле», — деп эскерет Ренат таякем.

Таятам Хамза медресе, мечит салган киши болгон. Кыргыздардын арасында мусулманчылыкты таратканга салым кошкон адам эле. Чоң таятам болсо, ошол кездеги Сибирь менен Казакстандын муфтийи болгон. Биз мына ошондой кишилердин жээн-неберелери болобуз.

Ошондуктан, «Айтматов динден алыстаган» деген сөз — куру сөз, туура эмес. Ал исламдагы бардык ибадаттарды сактап, сыйлаган.

Дегеле адамдын ички ыйманын ким өлчөй алат? Чыңгыз агамдын да ыйманын бир Кудайдан башка ким өлчөй алат эле?

Анын ыйманына китептери күбө. Бүткүл адамзат, динине карабай, анын жазгандарына, ой толгоолоруна ортоктош болуп жатса, демек, агам дагы Кудай деген адам болгондур?

Ал жазган окуялардагы бардык каармандардын прототиптери бар. Биз алар менен жашаганбыз, кошуна болгонбуз, тууган болгонбуз. Китебинде бир жалган болгон эмес. Толгонай апа да бар болчу, Жамиля да биздин айылдан, Ысмайыл да, Дүйшөн да. Бирок анын баары ХХ кылымдын окуялары болгон. Чыңгыз Айтматов да ХХ кылымдын жазуучусу болгон. Азыр заман башка, окуялар да башка, түшүнүктөр да башка. Бирок кайсыл заман болбосун, агам айткандай, күн сайын адам болуу ар бирибиздин милдетибиз болушу керек.

Улуу кыргыз элим, таластык жердештерим, оорчулукта бизди калтырбай, аман сактап калдыңар эле. Азыр да силерден суранам, Чыңгыз агамдын атын тепселетпейли! Өсөр эл өзүн сыйлайт. Өз маданиятыбызды жерибейли, өзүбүздү сыйлайлы. Амандыкта бололу! Тынчтыкта жүрөлү! Душмандардан сак бололу!

Айтматова Роза Төрөкуловна — коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери, физика-математика илимдеринин кандидаты.

Эң көп окулган жаңылыктар