6-февралда кыргызстандык мушкерлер Орусиянын Москва шаарында өтүүчү EFC Global 53 аралаш мушташ өнөрү боюнча турнирде күч сынашат. Бул тууралуу MMA лигасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзбекстандык Сардорбек Абдуманнопов жарым орто салмактагы (77 килограмм) дивизиондо кыргызстандык Барсбек Жалил уулу менен беттешет. Ал эми мекендешибиз Айбек Жолдошов оор салмактагы (120 килограмм) орусиялык Алексей Якунин менен күч сынашат.
Турнирдин башкы беттешинде кыргызстандык Кайрат Нурбай уулу (Атаман) чемпиондук курун коргойт.


