09:50
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Кыргызстанда «Заманбап мугалим» программасына кабыл алуу башталды

Агартуу министрлиги аймактардагы мектеп билимин колдоого жана жаңы муундагы мугалим-лидерлерди даярдоого багытталган багытталган «Teach for Kyrgyzstan — Заманбап мугалим» программасына кабыл алууну баштады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, программага педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан ар кандай кесиптин өкүлдөрү катыша алышат. Катышуучулар эки жыл бою айыл жана чакан шаарлардагы мектептерде иштеп, ошол эле учурда заманбап мугалимдик жана лидерлик көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Программанын алкагында катышуучулар Борбордук Азиядагы Эл аралык университети менен биргеликте уюштурулган акысыз магистрдик программада билим алышат. Окуу процесси гибрид форматта өтүп, онлайн сабактар офлайн сессиялар менен айкалышат. Программаны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана эл аралык форматтагы магистр дипломун алышат.

Катышуучуларга расмий жумушка орношуу, стипендия, тажрыйбалуу педагогдордон насаатчылык жана туруктуу методикалык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле жеке билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана эл аралык Teach For All тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк берилет.

Программага кимдер катыша алат:

  • жогорку билими бар жарандар;
  • эки жыл аймактагы мектептерде иштөөгө даяр;
  • балдар менен иштөөгө кызыккан жана кесиптик өнүгүүгө умтулган талапкерлер.

Өтүнмөлөр 2026-жылдын 25-майына чейин кабыл алынат.

Өтүнмө берүү: www.teachforkyrgyzstan.org

Кошумча маалымат: Teach for Kyrgyzstan расмий сайты жана Instagram баракчасы

Эң көп окулган жаңылыктар