13:22
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Улуттук банк эсептик ченди 11 пайыз деңгээлинде калтырды

Кыргызстандын Улуттук банкынын башкармалыгы негизги пайыздык ченди 11 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда өткөн брифингде жөнгө салуучу органдар билдиришти.

Улуттук банк «экономика жогорку өсүү темптерин сактап турат — 2025-жылдын аягына чейин өлкөнүн реалдуу ИДПсы 11,1 пайызга өсөт» деп белгиледи.

Өлкө экономикасында жогору өсүш арымы сакталып турат: 2025-жыл жыйынтыгы боюнча өлкөдө реалдуу ИДӨ 11,1 пайызга өскөн. Экономикалык өсүш, негизинен, курулуш секторунун жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн таасири астында шартталган. Негизги капиталга инвестициялар көлөмүнүн артышынын алкагында өлкөдө инвестициялык жигердүүлүк жогору катталган, буга бюджеттик каржылоонун артышы көбүрөөк таасирин тийгизген. Керектөө суроо-талабы калктын айкын кирешесинин, акча которуулардын таза агымынын артышы жана керектөө кредиттерин жигердүү алуу менен камсыздалган.

«2026-жылдын 16-январына карата абал боюнча Кыргызстанда инфляция жылдык мааниде 9,4 пайызды түздү (2025-жылдын декабрь айынын акырына 9,4 пайыз деңгээлинде калыптанган). Учурда баа тенденциялары Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде калыптанууда, мында инфляциянын азык-түлүк компонентинин өсүш арымы бир аз басаңдаган. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөр секторуна баалар жогору түптөлгөн, бул тышкы мүнөзгө ээ факторлордун экинчилик таасири менен шартталган. Тарифтик саясаттын жыл сайын кайра каралып турушу жана ички суроо-талаптын өсүшү да инфляциянын динамикасына салым кошууда», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги артыкчылыгы болуп орто мөөнөттүү мезгилде инфляциянын 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүч чегинде калыптанышын камсыз кылуу саналат, ушуга байланыштуу орточо катуулатылган күндөлүк монетардык шарттар сакталууда. Мында, саясаттын тактикалык чаралары инфляциянын монетардык факторлорун чектөөгө багытталган: банк секторунда жогору ликвиддүүлүк деңгээли сакталып турган шартта Улуттук банк арылтуу операцияларын жигердүү жүргүзүү аркылуу экономикада акча көлөмүн жөнгө салган. Мындай шарттарда BIR банктар аралык эталондук пайыздык чен Улуттук банктын пайыздык коридорунун төмөнкү чегине жакын калыптанган. Ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда.

Инфляция траекториясы, мурдагыдай эле, тышкы факторлордун таасирине дуушар болууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда жогору өзгөрүлмөлүүлүк сакталып турат, ошол эле учурда геосаясий факторлордун туруксуздугу көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө да инфляциялык жагдайдын сакталып турушуна алып келген, бул өз кезегинде импорттолуучу бааларга таасирин тийгизет. Ички экономикада инфляциялык процесстер олуттуу деңгээлде монетардык эмес мүнөздөгү факторлор, анын ичинде план чегинде жөнгө салынуучу тарифтерди корректировкалоо жана жогору ички суроо-талап менен шартталган. Бул факторлор инфляциянын басаңдоосу үчүн туруктуу шарттар калыптанганга чейин учурдагы акча-кредиттик шарттарды колдоо зарылдыгын шарттоодо. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 11,00 пайыз деңгээлинде калтырылды.

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө тең салмактуулук ыкмасына таянуу менен иш алып барат жана түптөлгөн тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берүү ишин улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши ыктымал.

Белгиленгендей, Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 23-февралында өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар