14:00
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Шашылыш билдирүү! Ашууларда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 27-январдан 29-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорго кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт:

Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайыда;

Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.

«Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар