Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтүнө курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.
Атайын кызматтан билдиришкендей, документтер 2026-жылдын 2-февралынан 27-февралына чейин кабыл алынат.
Академияга тапшырууну каалагандар 17-21 жашта, бою 1,7 метрден узун, салмагы кеминде 60 кг болушу керек.
Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:
- орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель);
- өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылган болбошу зарыл;
- өзүндө, жакын туугандарында чет мамлекеттин жарандыгы болбош керек.
Документтердин тизмеси жана тандоо жол-жобосу тууралуу маалымат УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган.


