19:14
USD 87.45
EUR 104.78
RUB 1.15

Кыргызстан ЖККУнун жетекчилигиндеги өкүлүн алмаштырды

КР Президентинин жарлыгы менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр киргизилди.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Ал бул кызматты 2023-жылдан бери аркалап, уюмдун эл аралык катчылыгында Кыргызстандын өкүлү болгон.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Таалатбек Масадыков

Белгилей кетсек, Масадыков өткөн жылы Бишкекте өткөн саммитте үч жылдык мөөнөткө ЖККУнун баш катчысы болуп дайындалган.

Анын ордуна Мирлан Тургунбеков келди. Ал мурда Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды ээлеп, коопсуздук жана эл аралык кызматташтыкка байланыштуу мамлекеттик органдарда жогорку кызматтарды ээлеген.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Мирлан Тургунбеков
Эң көп окулган жаңылыктар