13:16
USD 87.45
EUR 104.39
RUB 1.16

Кыргызстанда февралда эркектердин ден соолугуна арналган айлык башталат

Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын коркунуч факторлорун аныктоого багытталган «Жооптуу бол!» аталышындагы республикалык бир айлыктын башталганын жарыялайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында эркектерге жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору, Жалпы дарыгерлик практика борборлору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттарна кайрылып, алдын алуучу медициналык консультациялардан өтүү сунушталат.

Өткөн жылдагы кампания жогорку жыйынтыктарды көрсөттү. Анда өлкө боюнча 973 000ден ашык эркек жугуштуу эмес ооруларга профилактикалык скринингден өттү. Алардын ичинен 119 600дөн ашык эркекте артериялык кан басымдын жогорулашы аныкталган. Мындан тышкары, 49 600 эркек жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдигинде, ал эми болжол менен 60 800 эркек кант диабетинин жогорку тобокелдигинде болгон.

2025-жылы 15 388 адам биринчи жолу аныкталган артериялык гипертензия менен жана 7364 — кант диабети диагнозу менен каттоого алынган. Ошондой эле 2025-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргызстандын калкынын арасында 16 644 өлүмдүн себеби болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар