6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортчулары үчүн даярдалган спорттук жана параддык экипировкасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, экипировкалар эл аралык стандарттарга жана Кышкы Олимпиада оюндарындагы талаптарга ылайык иштелип чыгып, спортсмендердин мелдеш маалындагы ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана жогорку спорттук жыйынтыктарды көрсөтүүсүн камсыздоого багытталган.
Спорттук жана параддык экипировка Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Улуттук олимпиадалык комитетинин макулдашуусунун негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен даярдалды.
Кыргызстандын атынан эки спортчу Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргойт.
Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат. Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.
Эске салсак, XXV Кышкы Олимпиада оюндарына 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчу күч сынашат.
Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.


