12:07
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

ФИФА президенти: «Орусиялык командалар дүйнөлүк чемпионаттарга катышсын»

«Орусиянын курама командаларынын футболдук турнирлерге катышуусуна тыюу салуу эч нерсеге алып келген жок жана дагы көбүрөөк көңүл калууларды жана жек көрүүнү жаратты», — деп билдирди ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Sky телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, орусиялык футболчуларга тыюу салуу жек көрүүнү андан ары күчөттү жана ФИФА саясий жагдайларга байланыштуу улуттук курама командаларды четтетүүгө каршы чыгышы керек.

Джанни Инфантино Орусияга 2022-жылы киргизилген ФИФА жана УЕФА турнирлерине катышуусуна тыюу салууну алып салууну карап көрөбү деген суроого ал: «Биз алып салышыбыз керек», — деп так жооп берди.

Ал «Орусиядан келген кыздар менен балдарга Европанын башка бөлүктөрүндө футбол ойноо мүмкүнчүлүгү пайдалуу болмок», — деп белгиледи.

Эске салсак, атайын аскердик операциядан улам Орусиянын улуттук курама командалары жана клубдары 2022-жылдан бери дүйнөлүк мелдештерге катышууга тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар