10:08
USD 87.45
EUR 103.33
RUB 1.14

Бүгүн Абу-Дабиде Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү болот

Бүгүн, 4-февралда Украина, Орусия жана АКШ катышкан кезектеги үч тараптуу сүйлөшүү Абу-Дабиде башталат. Эки күн улана турган сүйлөшүүлөр тууралуу Зеленский социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Украина олуттуу талкууларга даяр жана анын жыйынтыгы согуштун татыктуу аякташына жакындашына кызыкдар",- деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин январь айында Орусия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү Абу-Дабиде өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар