15:14
USD 87.45
EUR 103.45
RUB 1.14

Нарында баасы 80 миллион сомдон ашык жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Кочкор районундагы мурда жеке менчик ээлерине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген, жалпы баасы 80 миллион сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1996-2006-жылдар аралыгында Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан жана Чолпон айыл аймактарындагы жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 80 миллион 300 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар