15:53
USD 87.45
EUR 103.20
RUB 1.14

Ошто жети акча алмашуу жайынын лицензиясы эреже бузгандыгы үчүн токтотулду

Улуттук банк мыйзамдардын жана ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Оштогу жети акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту.

Лицензиясы токтотулган акча алмаштыруучу бюролор төмөнкүлөр:

  • Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылы (болжол менен «Достук-Автожол» көзөмөл өткөрүү пункту) дарегинде жайгашкан «Форекс Голд» ЖЧКсы;
  • Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дарегиндеги «Азиза ЛТД» ЖЧКсы;
  • Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940а дарегинде жайгашкан «Осман» ЖЧКсы;
  • Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 643 дарегиндеги «Ойша Финанс» ЖЧКсы;
  • Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дарегинде жайгашкан «Али Умар» алмашуу бюросу ЖЧКсы;
  • Кара-Суу району, Андижан айылы, Курманжан Датка көчөсү (н/ж) дарегиндеги «М Юсуф» алмашуу бюросу ЖЧКсы;
  • Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан «Аманат Береке» алмашуу бюросу ЖЧКсы.
Эң көп окулган жаңылыктар