21:02
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынуусу боюнча кайрылуусу жарыяланды

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди. Бул тууралуу анын тарапташтары тарабынан социалдык тармакта жарыяланган жарандарга кайрылуусунда айтылган.

«Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!», — деген Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев бир күн мурун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар