12:40
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

«Нарын-кыш керемети», «Бозо» жана «Согум»: Нарында үч чоң фестиваль өтөт

13-16-февраль күндөрү Нарын облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү максатында үч фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Анын алкагында «Нарын-кыш керемети» деп аталган эл аралык алкакта пресс-тур да уюштурулуп, жакынкы өлкөлөрдөн журналисттер чакырылууда.

Иш-чара 13-февралда Нарын районунун «Салкын-Төр» жаратылыш паркында «Бозо» фестивалы менен башталат. Келген меймандар жана туристтер ушул эле күнү «Үсөн бак» эс алуу жайынын муз аянтында өтүүчү салтанатка күбө болушат.

14-февралда Кочкор району «Согум» фестивалын жана көк бөрү оюнун өткөрүшөт. Анын алкагында Ара-Көл көлүнө, Туз шахтасына маалыматтык турлар уюштурулат. Ушул эле күнү меймандарга Борбордук Азия Университети тааныштырылып, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу дарама театрында өтүүчү маданий иш чара тартууланат.

Туристтер 15-февралда Ат-Башы районундагы «Таш рабат» кербен сарайында өтүүчү фестивалга күбө болушат. Ошондой эле аларга «Кошой коргон» тарыхый жайы тааныштырылат. Ал эми 16-февраль күнү фестиваль Нарын районундагы «Бугу марал» жаратылыш коругуна уюштурулган пресс-тур менен жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар