18:54
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр: Үч министр кызматтан алынды

Кыргызстанда министрлер кабинетиндеги кадрдык чоң өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Абсаттар Сыргабаев

Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев Абсаттар Токтогулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Медер Машиев

Мындан тышкары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Бообек Ажикеев

Ал эми Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Кадрдык чечимдердин себептери расмий түрдө айтыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар