18:54
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр: Үч министрдин м.а. дайындалды

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Талантбек Солтобаев

Солтобаев Талантбек Осмонбекович транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Акыл Токтобаев

Токтобаев Акыл Токтобаевич Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Урматбек Шамырканов

Мындан мурун Шамырканов Урматбек Муслинович өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгы айтылган.

Өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Шамырканов Урматбек Муслиновичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар