05:16
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Бүгүн айрым араб өлкөлөрүндө Рамазан айы башталат. Тизме

Рамазан айынын биринчи күнү Сауд Арабия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Йемен, Палестина жана Иракта бүгүн, 18-февралда башталат. Бул тууралуу Түркиянын «Анадолу» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Сауд Арабиясынын Жогорку Сотунун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө жаңы жарым ай көрүнгөнү жана Рамазан айынын биринчи күнү бүгүн башталаары айтылган.

Катардагы Вакфтар жана Ислам иштери министрлигинин Айды көрүү комитети да бүгүн Рамазандын биринчи күнү болорун жарыялады.

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Мамлекеттик кеңеш жарым ай көрүнгөнүн жана Рамазан айынын биринчи күнү 18-февралды башталаарын жарыялады.

Йемендеги Вакыфтар жана ислам иштери министрлиги да Рамазан айынын биринчи күнү эртең башталаарын жарыялады.

Иерусалим жана Палестинанын башкы муфтийи Шейх Мохаммед Хусейн да Рамазан айынын биринчи күнү 18-февралда башталаарын жарыялады.

Рамазанды эртең, 19-февралда баштай турган өлкөлөр:

Миср, Иордания, Сирия, Ирак, Иран, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Индонезия, Бруней, Оман, Сингапур, Австралия, Япония, Пакистан,

Индия, Малайзия, Түштүк Корея.

Эң көп окулган жаңылыктар