15:13
USD 87.45
EUR 103.55
RUB 1.14

Республикалык олимпиаданын II этабында 21 миңден ашык мектеп окуучусу катышты

Республикалык олимпиаданын экинчи (райондук) этабына 21 миңден ашык мектеп окуучусу катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, II этапка республика боюнча жалпы 21 844 окуучу катышып, анын ичинен 1 606 окуучу олимпиаданын III (облустук/шаардык) этабына өттү.

Аймактар боюнча III этапка өткөндөрдүн жалпы көрсөткүчү:

  • Бишкек шаары — 2807 окуучу катышып, 146сы;
  • Ош шаары — 148 окуучу катышып, 34ү;
  • Ысык-Көл облусу — 2 545 окуучу катышып, 189у;
  • Ош облусу — 2418 окуучу катышып, 230у;
  • Нарын облусу — 2090 окуучу катышып, 115и;
  • Талас облусу — 1221 окуучу катышып, 124ү;
  • Баткен облусу — 1487 окуучу катышып, 181и;
  • Чүй облусу — 3737 окуучу катышып, 272си;
  • Жалал-Абад облусу — 5391 окуучу катышып, 315и.

Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлдү:

  • англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
Эң көп окулган жаңылыктар