Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл ар бир адам үчүн битир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди:
- 1,6 килограмм буудай — 60 сом
- 1,6 килограмм мейиз — 880 сом
- 1,6 килограмм ун — 90 сом
- 3,2 килограмм арпа — 100 сом
- 1,6 килограмм курма — 1 200 сом
Муфтияттан билдиришкендей, азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан, битир-садака берүүдө алардын салмагына карап эсептөө сунушталат.


