05:00
USD 87.45
EUR 101.54
RUB 1.13

Президент Алмазбек Атамбаев: Куралдуу күчтөрдү реформалай алдык

«Куралдуу күчтөрдү реформалай алдык деп айта алам», — деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта.

Анын айтымында, армия бир тутумга жана борбордошкон башкарууга бириктирилди.

Президент реформаларды ишке ашырууга салымы зор болгон генералдар — Бусурманкул Таабалдиев, Кубанычбек Орузбаев, Асанбек Алымкожоев, Раимберди Дуйшенбиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Темира Жумакадыровдун ысмын атап өттү.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргыз армиясы 25 жылдыгын белгилөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-декабрь, шаршемби
2-декабрь, шейшемби