Адил Турдукулов Бишкек шаардык сотунан КТРКнын алдында митинг өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу ал «24-kg.com» МАсына билдирди.
Буга чейин Ленин райондун соту КТРКнын алдында митинг өткөрүүгө уруксат бербеген райондук администрациянын чечимин колго алып, 20-марттан 8-апрелге чейин акция уюштурууга тыюу салган.
«Соттун чечиминде коюлган мөөнөттөр бүттү. Андыктан биз азыр кайра арыз менен кайрылдык. Жыйналыш өткөрүү укугу бизде Конституцияда бекитилген», — деп белгилей кетти Адил Турдукулов.
Эскерте кетсек, Сөз эркиндигин коргоо комитети, 28-марта, КТРК алдында саясый оппоненттерди бир жактуу каралоого каршы митинг өткөрмөкчү болгон.