10:09
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Баткенде жол кырсыгынан үч киши набыт болду

Баткенде жол кырсыгынан үч киши набыт болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдайт.

ИИМдин билдирүүсүндө, 29-майда Баткен-Ош жолунун 45-чакырымында «Хонда Степвагон» машинасы катуу ылдамдыкта келе жатып, дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай калган. Унаада 9 жүргүнчү болгон. Каза болгондордун бири 13 жаштагы бала. Алты жүргүнчү аймактык оорууканага жеткирилди.

Териштирүү иштери башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар