11:24
USD 87.39
EUR 102.05
RUB 1.09

Кыргыз режиссерунун тасмасы эл аралык фестивалда мыкты деп табылды

Аманбек Ажыматттын «Физрук, алтын, дарыя» аттуу тасмасы Кишинев шаарында 25-31-майда өткөн документалдуу кинолордун «Хронограф» эл аралык фестивалында мыкты деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографисттер союзу кабарлады.

Алардын айтымында, тасма «Эң мыкты кыскаметраждуу документалдуу фильм» наамын алган.

Тасмада дене-тарбия сабагынын мугалими банкка насыяны төлөө үчүн жумуштан кийин Нарын дарыясына барып, алтын издеп, жан бакканы баяндалат.

Эң көп окулган жаңылыктар