Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги күндүн ысыгына карабай эртеңки жумушчу күнүн кыскартпайт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине мекемеден билдиришти.
Эскерте кетсек, эки жыл мурда күн катуу ысыгында жумушчу күнү эки саатка кыскарган.
Кыргызгидрометтин маалыматында, 7—9 июлда өлкө боюнча аномалдуу ысык күтүлөт.