21:51
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Чыныбай Турсунбековдо алты батир жана бир кичиавтобусу бар

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдо алты батири, 418 чарчы метрлик имараты, төрт унаа токтоочу жайы жана 2 миң чарчы метрлик жер тилкеси бар.

Ал эми кыймылдуу мүлктөн төрагада 2003-жылкы «Мерседес-Бенц 313 CDI» үлгүсүндөгү унаасы бар. Бул маалыматтарды төрага 2016-жылкы декларациясында көрсөткөн.

Парламент төрагасынын жакындары 2016-жылы 18, 2 миллион сом тапса, ал өзү 974 миң 684 сом иштеген.

Чыныбай Турсунбеков 2016-жылы жалпысынан төрт ишкананы башкаларга башкарууга өткөрүп берген. Компаниялардын аты аталбайт. Бирок, аларда Турсунбековдун үлүшү 16дан 92 пайызга чейин экендиги маалымдалат.

Турсунбековдун үй-бүлөсүндө 360 чарчы метрлик үй, беш батир жана беш жер тилкеси жана курулушу бүтө элек имараттар тиешелүү. Дагы үч унаасы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар