21:59
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

Бишкек-Кара-Жыгач жолундагы жол кырсыгында 12 киши жабыркады

Бишкек-Кара-Жыгач жолундагы жол кырсыгында 12 киши жабыркап, бирөө мерт кетти. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Чүй облустук жол кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 6-августта болгон. BMW автоуунасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, № 378 кичиавтобус менен кагышып кеткен.

Жабыркагандар аймактык оорууканага жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар