04:28
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

БШК Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылган арызды караган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жыйынга топтоло алган жок. Жыйында президентикке талапкер Темир Сариевдин премьер-министр Сооронбай Жээнбековго каршы арызы каралмак.

Кечээ Темир Сариев өкмөт башчысын шайлоо мыйзамдарын бузгандыгына айыптап, тезарада кызматтан кетүүнү талап кылган. «Ак-шумкардын» лидеринин айтымында, КСДП административдик ресурсту колдонуп, мамлекеттик жетекчилерге кысым көрсөтүүдө.

Темир Сариевдин шайлоо штабы Боршайком Сооронбай Жээнбековго каршы чара көрүүдөн баш тартып жаткандыгын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар