14:51
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Сүлүктүдө шахтада бир киши мерт кетти

Сүлүктүдө шахтада бир киши көмүрдүн астында калды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

12-август күнү «Ак-Жол» ишканасына тиешелүү кенде кырсык болуп, 1980-жылы туулган Сапарбек Салямовду жер басып калган.

ӨКМдин куткаруучулары төрт саат кийин шахтердун денесин казып алышкан.

2017-жылдын башынан бери Сүлүктүдөгү шахтада 9 адам набыт болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар