14:15
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Өкмөт Liglass Trading менен келишимди жокко чыгарат

Өкмөт Liglass Trading менен келишимди жокко чыгарат. Бул тууралуу кечээ өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Жыйында өкмөт компания менен келишимди узартууга укуктук мүмкүнчүлүгү жок экендиги айтылды.

«Мыйзам боюнча дагы, келишим боюнча дагы акчаны которуу мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүгүбүз жок», — дели вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев.

Эскерте кетсек, кечээ Чех компаниясынын Кыргызстандын 37 миллион доллар которуу мөөнөтү аяктаган. Инвесторлор аларга дагы убакыт берүүнү суранышкан.

Liglass Trading Ак-Булуң жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтерди куруу боюнча тендерди утуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар