01:39
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Алмазбек Атамбаев ЕАЭБтин мамлекет башчыларынын жыйынына барбайт

Алмазбек Атамбаев ЕАЭБтин мамлекет башчыларынын жыйынына барбайт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине өкмөттүн аппаратына билдиришти.

11-октябрда өтө турган жыйынга президенттин ордуна премьер-министр Сапар Исаков катышат.

«Шайлоо күндөрү шайлоочуларды сатып алуу жана башаламандык уюштуруу аракеттери көрүлүп жаткандыгы боюнча кабар бар. Андыктан, президент өлкө коопсуздук камсыз кылууну жеке көзөмөлгө алды» - деп түшүндүрөт президенттин аппараты.

Жыйында ЕАЭБ өлкөлөрү 2015-жылга карата планды жана жаңы жылдан ишке кире турган техникалык регламенттин талкууламакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар