00:12
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Шайлоо штабын Толкунбек Абдыгулов жетектейт

Шайлоо штабын биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жетектейт. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Шайлоо штабын жетектөөгө алгач вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зиллалиев дайындалган. Бирок, ал Баткен облусундагы үгүттөөдөн кийин БШКнын эскертүү алып, бул милдеттен четтетилген.

Анын ордуна дагы бир вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бекитилген. Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгында набыт болду.

Эң көп окулган жаңылыктар