Жогорку сот «Женго» каймана аттуу Кадырбек Досоновго карата Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Эскерте кетсек, өткөн айда Кара-Суу райондук соту аталган кримтөбөлдү актаган. Ал ИИМдин полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө айыпталган. Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн алдында ок атылып өлтүрүлгөн. Ал 35 жашта болчу. Артында төрт баласы калды.Буга чейин Толкунбек Шоноевдин атасы райондук соттун чечимине даттанбастыгын, ИИМ, прокуратура жана сот органдарына ишеними кеткендигин билдирген.


