05:39
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Парламент Дайыр Кенекеевди вице-премьер-министрлик кызматка бекитти

Жогорку Кеңеш бүгүн Дайыр Кенекеевди вице-премьер-министрлик кызматка бекетти. Маселени кароо алдында айрым депутаттар премьер-министр Сапар Исаков келип, өзү көрсөткөнчө токтотуп турууну сунушташкан.

Дайыр Кенекеев бош калган вице-премьер-министрлик орунга дайындалууда. Бирок, ал жол кырсыгында каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун тармагын эмес, реалдуу секторду жетектейт. Ал эми коопсуздук боюнча маселелер Дүйшөнбек Зилалиевге өткөрүлөт.

Ал 1974-жылы 24-майда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 2016-жылдын июнь айынан бери Талас облусун жетектеп келет.

Эң көп окулган жаңылыктар