Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев жолтандабас сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине маалыматты анын аппаратынан билдиришти.
Алардын айтымында, коомчулуктагы сын пикирлерден кийин жолтандабаска жарыяланган тендер токтотулду. Анын акчасын балдар үйүнө жумшамакчы.
Эскерте кетсек, 4-октябрда Акыйкатчы институту жолтандабаска тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуу порталындагы жарыяда жаңы уунанын баасы 1,5 миллион сомго бааланган.


