05:40
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Өкмөт Жол кайгуул кызматынын аталышын өзгөртөт

Жол кайгуул башкы башкармалыгы жоюлат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жол кырсыктары боюнча жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалык түзүлөт.

«Анын баары азырынча сыр, андыктан көп маалымат бере албайм», — деди өкмөт башчысы.

Белгилүү болгондой, жаңы мекемеге жаңы кызматкерлер ишке алынат. Аларга ар бир аймак бөлүнүп берилип, жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Эскерте кетсек, Жол кайгуул кызматы 2016-жылы түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар