04:36
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Эртең Бишкекте мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдардын күнү белгиленет

Эртең Бишкекте мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдардын күнү белгиленет. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мөөнөтүнөн эрте төрөлгөндөр бөлүмүнүн башчысы Сагын Абдувалиева билдирди.

Иш чарага ата-энелер мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдары менен катышат.

«Биз эрте төрөлгөн балдарга кам көрүү жана бул жааттагы технологиялык жетишкендиктер боюнча айтып беребиз. Ата-энелер дагы өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт», — деди Сагын Абдувалиева.

Анын маалыматында, жыл ичинде өлкөдө төрөлгөн 160 миң баланын 7-8 пайызы айына жетпей жарык дүйнөгө келет.

Эң көп окулган жаңылыктар