05:42
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Атамбаев Путинди «Манас» ордени менен сыйлады

Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путинди «Манас» орденинин I даражасы менен сыйлады. Бул боюнча президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматта Россия жетекчиси «Кыргызстан менен Россиянын алакасынын өнүгүүсү жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекемделишине кошкон салымы үчүн» сыйланары айтылат.
Белгилей кетсек, «Манас» орденинин I даражасын алуу үчүн III жана II даражалардуу алуу керек. Өзгөчө учурда гана президент дароо эле I даражаны ыйгара алат.
Эң көп окулган жаңылыктар