03:20
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Жети-Өгүздө баптистти жергиликтүү мүрзөгө коюуга айыл тургундары каршы чыкты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында башка динди тутунган тургунду жергиликтүү мүрзөгө коюуга каршылык көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун 23-ноябрда ооруканада каза болгон. Аны жерге берүү үчүн туугандары мусулмандардын мүрзөсүнөн жер алууга кайрылганда жергиликтүү тургандар ага каршы болушту.

Көзү өткөн жаранды эми коңшу Кажы-Сай айылындагы мүрзөгө коюу чечими кабыл алынды. Ал мүрзөдө башка диндин өкүлдөрү көмүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар