14:03
USD 87.45
EUR 102.40
RUB 1.12

Биринчи вице-премьер-министр депутаттардан аз айлык алат

Биринчи премьер-министр Аскарбек Шадиевдин айлыгы 40 миң сом болот. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине өкмөттөн билдиришти.

Алардын айтымында, Аскарбек Шадиевдин Жогорку Кеңештеги айлыгы сакталбайт.

Аскарбек Шадиев 2016-жылдагы декларациясында бир жылдык кирешеси 889 миң 685 сом деп көрсөтүлгөн. Демек айына 74 миң сом иштеп таап турган.

Эң көп окулган жаңылыктар