07:52
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Сот аткаруучулары НТС телеканалынын мүлкүн камоого алууга келди

Сот аткаруучулары НТС телеканалынын мүлкүн камоого алууга келди. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине телеканалдын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, сот аткаруучулары келип, аларга соттун чечимин көрсөтүштү.

«Кайсы бир компания арыз жазып, анын негизинде сот ушундай чечим кабыл алыптыр. Азыр тактап жатабыз» — дейт журналисттер.

Сот аткаруучуларды эфирди токтотуп, имаратты жабууну талап кылышууда.

Каналдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу азыр кеңсеге барып, абал менен таанышкандан кийин маалымат берерин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар