03:16
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кыргызстанда 8 миң киши кургак учук менен ооруйт

Кыргызстанда 8 миң киши кургак учук менен ооруйт. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 5 миң 570 бейтап бул илдетке чалдыкты.

«Түрмөлөрдө 139 бейтап бар. Акыркы он жылда кургак учук менен ооругандардын саны азайып бара жатат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда көпчүлүк тармактарда өпкөсүн текшерүүдөн өткөргөндөр гана жумушка алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар